2019-жылы 19-майда Чүй облусунун депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары
20 мая 2019
2019-жылы 19-майда Чүй облусунун Аламүдүн жана Жайыл райондорунда шайлоо болуп өттү.
Чүй облусу боюнча бардыгы 91 талапкерден 32 депутат шайланды.
6 шайлоо участогунда добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 62 мүчөсү тарабынан уюштурулду.
Добуш берүүгө 3 876 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 8 020 шайлоочунун 49,29%ын түздү.
Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 64 байкоочу байкоо жүргүздү.
Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес.
Аламүдүн району, Байтик айылдык кеңеши:
63 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 3 021 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 5 705 шайлоочунун 52,95%ын түздү. 63 байкоочу байкоо жүргүздү.
Жайыл району, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши:
28 талапкерден 11 депутат шайланды. Бардыгы 855 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 2 321 шайлоочунун 36,83%ын түздү. 1 байкоочу байкоо жүргүздү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
