Башкы Жаңылыктар 13 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады

13 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктады

19-Май, 2019

Шайлоо участокторунун жабылуу убактысына – саат 20.00гө карата 25 229 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 46,05 пайызын түзөт. 13 жергиликтүү кеңешке шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 54 782 шайлоочу киргизилген.

Чүй облусу боюнча:

- Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде 2321 шайлоочунун 856 шайлоочу добуш берди, бул 36,88%ды түзөт;

- Байтик айылдык кеңешинде 5705 шайлоочунун 3021 добуш берди, бул 52,95 %ды түзөт.

Нарын облусу боюнча:

- Көк-Ой айылдык кеңешинде 1825 шайлоочунун 929 добуш берди, бул 50,90 %ды түзөт.

Талас облусу боюнча:

- Шекер айылдык кеңешинде 2968 шайлоочунун 1609 добуш берди, бул 54,21 %ды түзөт;

- Бейшеке айылдык кеңешинде 3267 шайлоочунун 1855 добуш берди, бул 56,78%ды түзөт;

- Бакыян айылдык кеңешинде 2171 шайлоочунун 1252 добуш берди, бул 57,67 %ды түзөт.

Ош облусу боюнча:

- Кеңеш айылдык кеңешинде 1890 шайлоочунун 905 добуш берди, бул 47,88 %ды түзөт;

- Кабылан-Көл айылдык кеңешинде 1620 шайлоочунун 706 добуш берди, бул 43,58 %ды түзөт;

- Отуз -Адыр айылдык кеңешинде 10 236 шайлоочунун 4222 добуш берди, бул 41,25 %ды түзөт;

- Н. Исанов айылдык кеңешинде 9057 шайлоочунун 4207 добуш берди, бул 46,45 %ды түзөт.

Баткен облусу боюнча:

- Самаркандек айылдык кеңешинде 6411 шайлоочунун 2292 добуш берди, бул 35,75 %ды түзөт;

- Ак-Татыр айылдык кеңешинде 3460 шайлоочунун 1589 добуш берди, бул 45,92 %ды түзөт;

- Ак-Сай айылдык кеңешинде 3851 шайлоочунун 1786 добуш берди, бул 46,38%ды түзөт.

Добуш берүү аяктагандан кийин ошол замат бардык байкоочулар автоматтык урналардан добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу отчётту колдоруна алышат, ал отчёттор, ошондой эле дароо автоматтык режимде http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do?ifxService=ESS_V_PG001&ifxResultPage=ESS_V_PU001 шайлоо сайтына түшөт жана ага кирип, участоктор, округдар боюнча шайлоо жөнүндө бүт маалыматты көрүү үчүн ачык болот.

Бардык байкоочуларга, ошондой эле участокто шайлоочуларды иденттештирүү жөнүндө отчёттор берилет.

Бардык участоктордо добуштарды кол менен эсептөө башталды. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 36-беренеси).

Кол менен эсептөө аяктагандан кийин кол менен эсептөөнүн протоколдорунун көчүрмөлөрү бардык байкоочуларга берилет, протоколдун өзү сканерден өткөрүлүп, графикалык көчүрмө түрүндө (иденттештирүү жөнүндө отчёттор менен бирге) шайлоо сайтына жөнөтүлөт, ал эми кол менен эсептөөнүн маалыматтары протоколдор шаарлардагы жана райондордогу аймактык шайлоо комиссияларына жеткизилгенден кийин сайтка чыгарылат.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө даттануулар жана арыздар түшкөн жок. Ар бир участок боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын төмөнкү шилтеме боюнча көрүүгө болот: http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do?ifxService=ESS_V_PG001&ifxResultPage=ESS_V_PU001

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>