КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19 мая 2019
2019-жылдын 19-майында КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Ат-Башы, Лейлек, Тоӊ, Жети-Ɵгүз, Токтогул, Панфилов, Жайыл, Чүй, Ноокат жана Чоӊ-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги «Кыргызстан» депутаттык фракциясынан депутаты Н.Андабеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Б.Шадымановго өткөрүлүп берилди («Кыргызстан» депутаттык фракциясынан);
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги депутат К.Иманкулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Шаршеналы у. А. өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылдык кеңешиндеги депутат И.Наркулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Н.Уразбаевага өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы Төрт-Күл айылдык кеңешиндеги депутат Т.Бектуров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Б.Шабдановго өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы Б.Мамбетов айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Мамабетов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – С.Бейшенбаевге өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Даркан айылдык кеңешиндеги депутат М.Берикбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Мазымкановго өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Турдубек у. М. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Н.Орозовго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутаты А.Стамалиева каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Мырзабековго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаӊы-Жол айылдык кеңешиндеги депутат Т.Абасканов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Рысбековага өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айылдык кеңешиндеги депутат Б.Ашыкеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Джумагуловго өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык кеңешиндеги депутат Б.Джунушев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – А.Бейшенбаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Искра айылдык кеңешиндеги депутат Р.Бодбаев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер – С.Абдынасаровага өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Чүй районундагы Искра айылдык кеңешиндеги депутат Д.Шайлоев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Б.Шакиновго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылдык кеңешиндеги депутат Э.Ураимов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – И.Бегалатовго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылдык кеңешиндеги депутат А.Абдыкаарова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Зайировго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Чоӊ-Алай районундагы Жекенди айылдык кеңешиндеги депутат О.Тагаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Токтобековго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Чоӊ-Алай районундагы Жекенди айылдык кеңешиндеги депутат Ы.Тагаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, шайлоо округ боюнча депутаттыка талапкер калбагандыгына байланыштуу кийинки шайлоого чейин мандат бош калат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
