Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

19 мая 2019

2019-жылдын 19-майында КРнын БШКсы 2019-жылдын 14-апрелинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.

Протоколдордун негизинде, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылып, Кудайбергенов Марат Сагынович мэр болуп шайланды.

Шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү