2019-жылдын 19-майындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо: шайлоочулардын саат 13.00гө карата жигердүүлүгү
19 мая 2019
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоодо саат 13.00гө карата 13 404 шайлоочу добуш берди, бул айлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын 24,47%ын түзөт. 13 айылдык кеңешти шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 54 782 шайлоочу киргизилген.
Баткен облусу боюнча:
- Самаркандек айылдык кеңешинде шайлоочулардын 21,65%ы добуш берди;
- Ак-Татыр айылдык кеңешинде шайлоочулардын 17,95%ы добуш берди;
- Ак-Сай айылдык кеңешинде шайлоочулардын 24,33 %ы добуш берди.
Нарын облусу боюнча:
- Көк-Ой айылдык кеңешинде шайлоочулардын 27,89%ы добуш берди.
Ош облусу боюнча:
- Кеңеш айылдык кеңешинде шайлоочулардын 26,61%ы добуш берди;
- Кабылан-Көл айылдык кеңешинде шайлоочулардын 23,21%ы добуш берди;
- Отуз -Адыр айылдык кеңешинде шайлоочулардын 22,52%ы добуш берди;
- Н. Исанов айылдык кеңешинде шайлоочулардын 21,87%ы добуш берди.
Талас облусу боюнча:
- Шекер айылдык кеңешинде шайлоочулардын 31,37%ы добуш берди;
- Бейшеке айылдык кеңешинде шайлоочулардын 32,69%ы добуш берди;
- Бакыян айылдык кеңешинде шайлоочулардын 33,58%ы добуш берди.
Чүй облусу боюнча:
- Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде шайлоочулардын 18,01%ы добуш берди;
- Байтик айылдык кеңешинде шайлоочулардын 28,71%ы добуш берди.
Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын келүүсү менен Сиз http://ess.shailoo.gov.kg/ServiceJSP.do?ifxService=ESS_V_PG001&ifxResultPage=ESS_V_PU001 дареги боюнча тааныша аласыз.
Бүгүн, 2019-жылдын 19-майында 13 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатканын эсиңизге салабыз. Алдыда бардыгы 233 депутат шайлануусу керек. Добуш берүү 45 шайлоо участогунда өтүүдө.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү







