КРдин айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн 45 шайлоо участогу ачылды

18 мая 2019

2019-жылдын 19-майында Чүй, Нарын, Талас, Ош жана Баткен облустарынын тургундары жергиликтүү кеңештерге 233 депутат шайлайт.

Эртең менен саат 8.00дө 13 айылдык кеңеште добуш берүү үчүн 45 шайлоо участогу ачылды. Бардык участоктор зарыл жабдыктар, техника, маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары менен биргеликте үзгүлтүксүз электр энергиясы, телефон байланышы менен камсыздалган.

Шайлоочулардын тизмесине 54 782 шайлоочу киргизилген. Шайлоо бюллетендеринин зарыл саны даярдалып, шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ №41 Жарлыгы менен төмөнкү облустарга депутаттарды шайлоо дайындалганын эске салабыз:

- Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине;

- Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешине;

- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешине, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешине;

- Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине;

- Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ №44 Жарлыгы менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 19-майына дайындалган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү