Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жайдан тышкары добуш берүү өткөрүлдү
18 мая 2019
Бүгүн, 2019-жылдын 18-майында 2019-жылдын 19-майына дайындалган Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өткөрүлдү. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө ниеттенгени жөнүндө бардыгы 277 шайлоочудан арыз түшкөн, анын ичинде 242 шайлоочу добуш берди. 35 шайлоочу төмөнкү себептерден улам добуш бере алган жок:паспортунун жоктугуна байланыштуу – 15 шайлоочу, 13 шайлоочу үйүндө болгон эмес, 5өө иденттештирүүдөн өткөн эмес, 2 жаран шайлоочулардын тизмесинде болгон эмес.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү