2019-жылдын 19-майына дайындалган Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жайдан тышкары добуш берүү башталды
18 мая 2019
Депутаттарды шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү башталды:
- Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинде 1 шайлоо участогунда;
- Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинде 4 шайлоо участогунда;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинде 2 шайлоо участогунда;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинде 1 шайлоо участогунда;
- Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинде 2 шайлоо участогунда;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинде 3 шайлоо участогунда;
- Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинде 6 шайлоо участогунда;
- Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинде 2 шайлоо участогунда;
- Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинде 2 шайлоо участогунда;
- Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинде 1 шайлоо участогунда;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде 1 шайлоо участогунда;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинде1 шайлоо участогунда.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө ниеттенгени жөнүндө бардыгы 277 шайлоочудан арыз түшкөн.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 33-беренесине ылайык добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
