Мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады
17 мая 2019
2019-жылдын 16-майында саат 18:00дө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.
Шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндө 16 арыз түштү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 33-беренесинин 2-пунктуна ылайык добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 19-майында өтөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
