Шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады
16 мая 2019
2019-жылдын 15-майында саат 18:00дө Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.
Республика боюнча шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндө бардыгы 261 арыз түштү. Анын ичинде:
Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинде – 8 арыз;
Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинде – 21 арыз;
Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинде – 17 арыз;
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинде – 14 арыз;
Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинде – 28 арыз;
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинде – 17 арыз;
Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинде – 91 арыз;
Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинде – 20 арыз;
Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинде – 13 арыз;
Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинде – 31 арыз;
Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде – 1 арыз.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 33-беренесинин 2-пунктуна ылайык добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2019-жылдын 19-майында өтөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
