КР БШК делегациясы Литва Республикасынын Президентин шайлоодо байкоочулар катары катышты

14 мая 2019

КР БШКнын мүчөсү Н. Арипов менен КР БШКнын аппаратынын жетекчиси М. Коңурбаев курамындагы КР БШК делегациясы Литва Республикасынын Президентин шайлоодо байкоочулар катары катышты.

2019-жылдын 12-майында республика Президентин шайлоо жана кош жарандуулук жана Сеймдин депутаттарынын санын кыскартуу маселелери боюнча эки референдум болуп өттү.

Программанын алкагында КР БШК делегациясы шайлоо участогунун ачылышына, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүздү.

КР БШКнын мүчөсү Н. Арипов шайлоо эл аралык укуктун шайлоону уюштуруу жана өткөрүү тармагындагы жалпы кабыл алынган принциптердин негизинде өткөнүн белгиледи.

Президенттин кызмат ордуна 9 талапкер ат чалышты. Шайлоо участокторунда добуш берүү саат 7:00дөн 20:00гө чейин өттү. Шайлоочулардын тизмесине 2 млн 472 миң 405 жаран киргизилген.

Маалымат үчүн:

Президентти шайлоо болуп өттү деп эсептеш үчүн шайлоочулардын келүү босогосу жок. Чет өлкөдө добуш берүү үчүн 56 миң литвалык жаран катталган. Литвада Президентти шайлоо менен бирге бир эле учурда эки референдум өттү. Республиканын тургундары кош жарандуулукту киргизүү жана парламенттин депутаттарынын санын кыскартуу маселелери боюнча өз эрк-ниетин билдирүүлөрү керек.

Литванын мыйзамдарына ылайык референдум болуп өттү деп таанылыш үчүн анда катталган шайлоочулардын жарымынан көбү б.а. 1 236 203 адам добуш берүүгө тийиш.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү