Марат Кудайбергенов Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды
14 мая 2019
2019-жылдын 14-майында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. “Замандаш” депутаттык фракциясынан талапкер Кудайбергенов Марат 31 добуштан 22 добуш алып, Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды.
КР БШКнын 2019-жылдын 26-апрелиндеги №53 токтомуна ылайык Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоо уюштурду.
Балыкчы шаарынын мэри кызмат орунуна “Замандаш” жана “Кыргызстан” депутаттык фракцияларынан эки талапкер арыз берген.
Маалымат үчүн:
Кудайбергенов Марат Сагынович 1993-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Билими жогорку – Ж. Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.
Иш стажы:
2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Алыш Сервис” ЖЧКнын башкы директору;
2017-жылдын августунан КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
2019-жылдан “КР Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясы” ММнын маркетинг жана бош убакытты уюштуруу кызматынын начальниги.
Үй-бүлөлүк абалы – үйлөнгөн.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү








