КР БШКнын өкүлдөрү Индиядагы жалпы шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты

13 мая 2019

КР БШКнын Төрагасынын орун басары А. Бекматов жана БШКнын мүчөсү Е. Джилкичиева Индиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы С. Арордун чакыруусу боюнча Индиядагы жалпы шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты.

Жалпы шайлоого байкоо жүргүзүү алкагында А. Бекматов жана Е. Джилкичиева шайлоо участокторунун иши менен таанышты. Шайлоо процессинин айкындуулугун жана аныктыгын арттыруу максатында бардык штаттардын жана бирлик аймактарынын ар бир шайлоо участогунда добуш берүү үчүн электрондук машиналар (EVM) менен бирге шайлоочулардын аныктыгын текшерүүнүн контролдук журналдары (VVPAT) пайдаланылат.

Индиядагы 7 этапта өтүүчү жалпы шайлоо 11-апрелде башталган, 19-майда аяктайт. Добуштар 2019-жылдын 23-майында саналат.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө 900 миллиондон ашык шайлоочу Индиянын парламентинин төмөнкү палатасынын 543 депутатын шайлайт, бул шайлоону эң масштабдуу демократиялык иш-чара катары кароого болот.

Маалымат үчүн:

Индияда 10 355 918ге жакын шайлоо участогу бар. Ар бир шайлоо участогу кепилденген минимум шарттар менен жабдылган (ичүүчү суу, бастырма, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн пандус, добуш берүү үчүн атайын тосмо менен бөлүнгөн жай ж.б.).

1951-1952-жылдары өзүнүн алгачкы улуттук шайлоосун өткөрүү менен Индия дүйнөдөгү ири шайлоо демократиясынын статусун алган. Ошондон бери мезгилдин белгилүү бир тогошунда ишеним арттырган демократиялык шайлоо өлкөгө карапайым адамдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн тынчтык жолу менен кеңейтүүгө, ошентип, бүткүл дүйнө үчүн шыктануунун булагы болгонго өбөлгө түздү.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү