КР БШК согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин Жеңиш Күнү менен куттуктады
08 мая 2019
Жеңиш Күнүнүн алдында КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова жана Төраганын орун басары А. Эшимов согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери Багышбеков Ишенбай, Поломощнов Петр, Шпак Варвара, Шоруков Булаталынын үйлөрүнө барып, жолугушту.
“Сиздердин муун тарыхтагы эң таш боор согуштардын бирин башынан кечирди жана эң оор, бирок эң улуу Жеңишке жетишти. Өлкөбүз, тынч жашообуз жана биздин балдардын келечеги үчүн күрөшкөн сиздерге баш ийип, таазим этебиз. Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, жакындарыңыздардын сиздерге кайрымдуу жана камкор болуусун каалайбыз” деп куттуктады КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова. Өз кезегинде Төраганын орун басары А. Эшимов согуштун ардагерлерин куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай, узак өмүр, тынчтык жана бакубат турмуш каалады.
Согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине акчалай сыйлык жана азык-түлүк пакети тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
