Чүй жана Ош облустарында үч айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды

08 мая 2019

2019-жылдын 8-майында КР БШК Чүй жана Ош облустарынын үч айыл өкмөтүнүн башчыларын бекитти.

Тажибаев Жумабек Аланович Ош облусунун Алай районунун К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды.

1969-жылы 4-январда Ош облусунун Алай районунун Көлдүк айылында туулган. Билими жогорку, Ош технологиялык университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2000-жылдан 2018-жылга чейин Алай айыл өкмөтүндө иштеген (башкы бухгалтер, финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы).

2018-жылдын 13-ноябрынан тартып, азыркы кезге чейин Алай райондук администрациясынын жетектөөчү адиси (айыл чарбасынын экономикасы, финансысы жана коммуникация бөлүмү) болуп иштеген.

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 5 баласы бар.

Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мамбетказиев Айбек Канатович шайланды.

1984-жылы 6-декабрында Казакстан Республикасынын Ак-Суек штп туулган. Учурда Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылында жашайт.

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин “Дене тарбия” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2011-жылдан 2015-жылга чейин – Кемин районунун БӨСМнүн машыктыруучусу;

2015-жылдан 2016-жылга чейин – Кемин районунун БӨСМнүн директорунун орун басары;

2016-жылдан азыркы кезге чейин – Кемин районунун БӨСМнүн директору;

2016-жылдан – Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты.

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн.

Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөтүнүн башчылыгына Жумагулов Мирланбек Жаныбекович шайланды.

1971-жылы 5-ноябрда Москва районунун Түлөк айылында туулган. Билими жогорку, Чүй университетин “Экономика” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1988-жылдан 1991-жылга чейин – Москва районунун Түлөк айылынын спорттук инструктору;

2007-жылдан 2011-жылга чейин – Түлөк айыл өкмөтүнүн айыл башчысы;

2012-жылдан 2019-жылга чейин – “НурИслам” ДЧ башчысы.

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 3 баласы бар.

Алай, Кемин, Москва аймактык шайлоо комиссияларына шайланган башчыларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү