Ысык-Көл облусунун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо датасы дайындалды
08 мая 2019
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөгөнүнө байланыштуу КР БШК кайра шайлоону 2019-жылдын 22-майына дайындады.
Жети-Өгүз АШКга шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды.
Талапкерлер А. Чыныбаев жана Ж. Абдыраев биринчи турда тең добуш алгандыктан, 2019-жылдын 6-майына дайындалган Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн эмес.
Маалымат катары:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
