КР БШК шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берди

07 мая 2019

2019-жылдын 7-майында КР БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн 54 783 шайлоо бюллетенин региондорго өткөрүп берди.

Бюллетендерди өткөрүп берүү “Учкун” ААКтын имаратында КР БШКнын мүчөлөрү  жана БШКнын аппаратынын  кызматкерлеринин катышуусунда болуп өттү.

Бардыгы 54 783 шайлоо бюллетени даярдалса, анын 54 041и – мамлекеттик тилде, 742си – расмий тилде.

Бюллетендер Баткен (13721), Нарын (1825), Ош (22 821), Талас (8409) жана Чүй (8 007) облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилди.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2019-жылдын 19-майына дайындалган.

Шайлоого катышуу үчүн бардыгы 569 талапкер катталган.

Маалымкат:

Бюллетендерди “Учкун” ААКта басуу процессине КР БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлери тарабынан күнү-түнү байкоо жүргүзүлдү.

“Учкун” ААКтын басма цехинде жабдыктардын комплекти орнотулуп, анда басылган шайлоо бюллетендери тесттен өткөрүлдү.

Шайлоо бюллетендеринде коргоонун жогорку даражасы бар, автоматтык эсептөөчү урна ар бир бюллетенди таануусу үчүн бюллетенге атайын коргоочу боёк жуктурулат.

Күзөттү укук коргоо органдарынын (УКМК жана ИИМ) кызматкерлери камсыздады.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү