Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок
06 мая 2019
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орунуна талапкерлер добуштардын зарыл санын алышкан жок. Саруу айыл өкмөтүнүн башчылыгына эки талапкер – Чыныбаев Алмазбек жана Абдыраев Жыргалбек катталган, алар 21 добуштан ар бири 9дан добуш алышты.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК кайра шайлоону дайындайт.
Маалымкат:
КР БШКнын 2019-жылдын 18-апрелиндеги №49 токтому менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 6-майына дайындалган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
