Чүй облусунунун депутаттарын мөөнөтунөн мурда шайлоого катышуу үчүн 63 талапкер катталды

06 мая 2019

АШКнын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 6-майына карата Байтик айылдык кеңешинин мөөнөтунөн шайлоого катышуу үчүн бардыгы 63 талапкер катталды.

2019-жылдын 4-апрелинде Чүй облусунунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешининин депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады.

Аламүдүн АШКсы документтердин талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерди.

Маалымкат:

Шайлоо алдындагы үгүт айылдык кеңешинин талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2019-жылдын 4-майынан башталып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда (2019-жылдын 18-майында саат 8.00дө) аяктайт.

Чүй облусунунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кенешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 19-майында өтөт.

2019-жылдын 19-майына дайындалган жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча маалымат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү