Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ бир катар мыйзам долбоорлорун, анын ичинде КР ЖК депутаттары сунуштаган долбоорлорду талкуулады

06 мая 2019

КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова башында турган Жумушчу топ КР ЖК депутаты У. Кадыралиевдин, БШК мүчөлөрү К. Осмоналиевдин, Г. Джурабаеванын, Юстиция министрлигинин, “Замандаш” саясий партиясынын, “Эгль”, “Жарандык умтулуу”, “Жарандык платформа” коомдук фондуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында кезектеги жыйналышын өткөрдү.

Жыйналыштын жүрүшүндө катышуучулар КР Жогорку Кеңешине түшкөн саясий партиялар боюнча мыйзам демилгелерин, “Саясий партиялар жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана 2019-жылдын 17-майында коомдук диалог өткөрүү маселесин талкуулашты.

Жумушчу топтун эксперттери “Саясий партиялар жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда. Парламент депутаттары А. Алтыбаева жана Б. Төрөбаев сунуштаган демилгелер тууралуу сөз болду. Катышуучулар талкуунун жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорунда окшош жоболор орун алгандыктан, аларды бирдиктүү долбоорго бириктирүүгө мүмкүндүк болот деген пикирге келишти.

Саясий партиялардын каржылык ишинин маселелерине айрыкча көңүл бурулду. Жумушчу топ тарабынан саясий партиялардын ишинин айкындуулугуна, саясий партиялардын фондуларына салынуучу акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын ачууга, шайлоо өнөктүгүнүн убагында, ошондой эле шайлоолордун аралыгындагы убакта саясий партиялардын чыгымдары, саясий партиялардын отчет берүүсүнүн таризине жана тартибине байланыштуу бир катар жаңылыктарды киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун концептин андан ары талкуу 2019-жылдын 7-майында өтөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү