2019-жылдын 22-майында Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айыл өкмөт башчыларын шайлоосу дайындалды

03 мая 2019

Айыл өкмөт башчылары өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу КР БШКнын токтому менен Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон, Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 22-майына дайындалды.

А.Нурдинов - өзү берген арызынын негизинде Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 18-апрелиндеги №54-т буйругу менен Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулган.

Э.Исмаилов - өзү берген арызынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-апрелиндеги №90-б буйругу менен Папан айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулган.

Р.Эшмамбетов - өзү берген арызынын негизинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 30-апрелиндеги №29 буйругу менен Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулган.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Чүй, Кара-Суу жана Жети-Өгүз АШКна тапшырылды.

Маалымат катары:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү