Европа Бирлигинин Венеция комиссиясынын эксперттери көмөктөшүүгө жана консультациялык жардам көрсөтүүгө даяр

02 мая 2019

БШК Төрагасы Нуржан Шайлдабекова Европа Бирлигинин Венеция комиссиясынын региондук кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Сергей Кузнецов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Каржы макулдашуусунун “Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасы боюнча өнөктөштүктүн алкагында КР БШКнын жана Венеция комиссиясынын өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.

КР БШКнын башчысы 2018-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан жактырылган 2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Бул Стратегия Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Каржы макулдашуусунда каралган шайлоо тутумун реформалоону жүзөгө ашыруунун маанилүү индикатору болуп саналат.

Өз кезегинде С. Кузнецов Венеция комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо процессинде мыйзам долбоорлорунун демилгечилерине көмөктөшүүгө, консультациялык жана эксперттик комментарийлерди берип, жардам көрсөтүүгө даяр экени тууралуу маалымат берди.

Мааламкат:

Европа Бирлигинин Венеция комиссиясы – бул 1990-жылы Европа Бирлигинин алдында түзүлгөн конституциялык укук боюнча консультациялык орган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү