Чүй жана Ош облустарында үч айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды
30 апреля 2019
2019-жылдын 30-апрелинде Чүй жана Ош облустарынын айылдык кеңештеринин депутаттары үч айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлады. Жумагулов Мирланбек 11 добуштан 7 добуш алып, Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды. Башчылык кызматка эки талапкер талаптанган.
Мамбетказиев Айбек 11 добуштан 10 добуш алып, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп калды. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир талапкер катталган.
Тажибаев Жумабек 21 добуштан 12 добуш алып, Ош облусунун Алай районунун К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды. Башчылык кызматка үч талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
