Айылдык кеңештерге депутаттарды кезектеги шайлоого катышуу үчүн 506 талапкер катталды
30 апреля 2019
2019-жылдын 29-апрелинде аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) Кыргыз Республикасынын 12 айылдык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады.
АШКлардын маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-апрелине карата айылдык кеңештерге кезектеги шайлоого катышуу үчүн бардыгы 506 талапкер катталды. Алардын ичинде:
- Баткен облусунун Баткен району боюнча – бардыгы 141 талапкер (Самаркандек айылдык кеңешине – 48, Ак-Татыр айылдык кеңешине – 47, Ак-Сай айылдык кеңешине – 46);
- Нарын облусунун Жумгал району боюнча – бардыгы 36 талапкер (Көк-Ой айылдык кенеши);
- Ош облусунун Кара-Кулжа району боюнча – бардыгы 23 талапкер (Кеңеш айылдык кенеши);
- Талас облусунун Кара-Буура району боюнча – бардыгы 124 талапкер (Шекер айылдык кеңешине – 48, Бейшеке айылдык кеңешине – 51, Бакыян айылдык кеңешине –25);
- Чүй облусунун Жайыл району боюнча – бардыгы 29 талапкер (Кызыл-Дыйкан айылдык кенешине).
АШКлар документтердин талапкерлерди көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерди.
Маалымкат:
Шайлоо алдындагы үгүт айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2019-жылдын 29-апрелинен башталып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда (2019-жылдын 18-майында саат 8.00дө) аяктайт.
Айылдык кенештерди шайлоо 2019-жылдын 19-майында өтөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

