30-апрелде с. 10.00дө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитетте КР шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүн пакети каралат

30 апреля 2019

Талкууга Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору чыгарылды:

  1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамдарына;
  2. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына;
  3. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамына;
  4. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамдарына.

2018-жылдын 13-августунда КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан КР шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы жактырылып, аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин Планы кабыл алынганын эске салабыз.

Стратегия Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен түзүлгөн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү