КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын Бишкек шаарынын күнүнө карата куттуктоосу
29 апреля 2019
Урматтуу борбор шаарыбыздын тургундары жана меймандары!
Сиздерди бүгүнкү Бишкек шаарынын күнү менен куттуктайм!
Бишкек - Кыргызстандын жүрөгү. Бул күн - борбор калаанын тургундары үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкөбүз үчүн абдан маанилүү окуя. Бүгүнкү Бишкек - өнүгүү жолуна түшкөн, миллиондон ашуун калк жашаган заманбап шаар. Учурда көп кабаттуу турак жайлар, соода борборлору салынып, инфраструктурасын жакшыртуунун үстүндө иштер аткарылууда. Мындан ары да эгемендүү мамлекеттин борбору катары өз алдынча дүркүрөп өнүгүп, дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы шаарлардын катарына кошуу зарыл.
Урматтуу борбор шаарыбыздын тургундары!
Шаарыбыздын гүлдөп өнүгүшү ар бирибизге көз каранды. Борборубуздун ар бир тургуну жашоосун жакшыртууга, айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүгө тийиш. Бишкек таза, жашыл жана бейпил шаар болушу үчүн биздин аракетибизден көз каранды. Келечектеги муун борбор калаасы менен сыймыктангыдай кылалы!
Жалпыңыздарга бекем ден-соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!
Терең урматтоо менен
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
Төрагасы Н.Шайлдабекова

