Балыкчы шаарынын мэринин шайлоосу дайындалды
26 апреля 2019
2019-жылдын 26-апрелинде КР БШКнын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 14-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Балыкчы АШКна тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 204 буйругу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри А.Мамбетов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
