КР БШК мүчөсү Г. Джурабаева ЕККУнун (БДИПЧ) байкоочулар миссиясынын курамында Украинанын президенттик шайлоосуна байкоо жүргүзүүгө катышты
24 апреля 2019
КР БШК мүчөсү Г. Джурабаева ЕККУнун (БДИПЧ) кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын курамында Украинанын президенттик шайлоосуна байкоо жүргүзүүгө катышты.
2019-жылдын 21-апрелинде Украинада П. Порошенко менен В. Зеленский катышкан президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү. Шайлоочулардын келүүсү 62,07%ды түздү. Украина БШКсынын маалыматы боюнча бардык протоколдор иштелип чыккандан кийин “Элдин кулу” партиясынын лидери В. Зеленский 73,22% добуш алды, ал эми учурдагы Президент П. Порошенкого шайлоочулардын 24,45%ы добуш берди.
Шайлоонун расмий натыйжалары Украина БШКсы тарабынан 2019-жылдын 1-майына чейин чыгарылууга тийиш. Андан соң 30 күндүн ичинде Украинанын жаңы Президентинин инаугурациясы өткөрүлөт.
Маалымат үчүн: Украинанын Конституциясына ылайык мамлекет башчысы беш жылга шайланат, президенттик мөөнөтүнүн мезгилинде колтийгистикке жана тышкы саясий ишти, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
