2019-жылдын 19-майында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктады
19 апреля 2019
2019-жылдын 18-апрелинде 2019-жылдын 19-майында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Он эки айылдык кеңешке шайлоодо мандаттардын саны 212ни түзөт. 12 айылдык кеңешке бардыгы 512 талапкер көрсөтүлдү.
Бардык 512 талапкер – өзүн өзү көрсөткөндөр, саясий партиялардан талапкерлер көрсөтүлгөн жок.
Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кенешинде 2 округ, 11 мандат бар. 36 талапкер көрсөтүлдү.
Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоо 3 айылдык кенеште өтөт: Шекер (2 округ), Бейшеке (3 округ) жана Бакыян (1 округ). Мандаттардын жалпы саны – 53. 124 талапкер көрсөтүлдү.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешинде 2 округ, 11 мандат бар. 23 талапкер көрсөтүлдү.
Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кенешинде 6 округ, 31 мандат бар. 65 талапкер көрсөтүлдү.
Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кенешинде 2 округ, 11 мандат бар. 28 талапкер көрсөтүлдү.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз -Адыр айылдык кенешинде 3 округ, 21 мандат бар. 63 талапкер көрсөтүлдү.
Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кенешинде 2 округ, 11 мандат бар. 29 талапкер көрсөтүлдү.
Баткен облусунун Баткен районунда шайлоо 3 айылдык кенеште өтөт: Актатыр (3 округ), Самаркандек (4 округ) жана Аксай (4 округ). Мандаттардын жалпы саны – 63. 144 талапкер көрсөтүлдү.
Эми аймактык шайлоо комиссияларындагы тиешелүү жумушчу топтор 10 календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн документтердин талапкерлердин көрсөтүү тартибине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет.
Депутаттыкка талапкерлерди каттоо мыйзамдарга ылайык добуш берүү күнүнө чейин 20 күн мурда – 2019-жылдын 29-апрелине чейин аяктайт.
Добуш берүү2019-жылдын 19-майында өтөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
