Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
10 апреля 2019
2019-жылдын 10-апрелинде КРнын БШКсы 2019-жылдын 2-апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде, Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Джунушев Бактыбек Кадырбекович шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
