Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

10 апреля 2019

КР БШК Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: А.И.Абылаеванын, М.К.Эргешованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

- Алай АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абылаева Айчурек Исмаиловна комиссиянын курамынан чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Базарбек уулу Курсант резервден комиссиянын курамына киргизилди;

- Чоң-Алай АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эргешова Миңайым Камчыбековна комиссиянын курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бакыбекова Апиза Жунусовна резервден комиссиянын курамына киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү