Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоосу дайындалды
29 марта 2019
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 26-мартындагы № 158 буйругу менен Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэри С.Пратов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоосу 2019-жылдын 17-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Өзгөн АШКна тапшырылды.
Маалымат үчүн: "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
