КРнын БШКсы 2019-жылдын 19-майына дайындалган кээ бир айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти

29 марта 2019

2019-жылдын 29-мартында КРнын БШКсы шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Баткен, Жумгал, Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Кара-Суу, Кара-Буура жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде:

- Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кенешинин;

- Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кенешинин;

- Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кенештеринин;

- Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кенешинин;

- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешинин;

- Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз -Адыр айылдык кенешинин;

- Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кенешинин;

- Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кенешинин;

- Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кенешинин;

- Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кенешинин;

- Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кенешинин;

- Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кенештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

Жалпысынан 34 шайлоо округу жана 41 шайлоо участкасы бекитилди.

Маалымат үчүн: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сандык курамы тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын санын эсепке алуу менен белгиленет. КР Улуттук статистикалык комитети берген маалыматка ылайык 2019-жылдын 1-январына карата абал боюнча Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер (6023) жана Бейшеке (6164) айылдык кеңештеринин депутаттарынын сандык курамы 11 мандаттан 21 мандатка, Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов (21079) айылдык кеңешинин депутаттарынын сандык курамы 21 мандаттан 31 мандатка көбөйдү.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү