Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 21-март – Нооруз майрамы менен куттуктоосу!

20 марта 2019

Ардактуу мекендештер!

Сиздерди  жаңырган жылыңыздар – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилибизден  куттуктайбыз!

Жазгы күн менен түн теңелип, жыл жаңырган, молчулуктун, токчулуктун башаты болгон, сабырдуулукту, өз ара түшүнүшүүнү, ишенимди арттырган, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн жана ынтымактын улуу майрамы – Нооруз кут болсун!

Эзелтен Нооруз жаратылыштын жаңырышы, кышкы ызгаардан соң жаздын келиши, жаңы тиричиликтин башталышы катары кабыл алынып келген. Элибиздин турмушунда өзгөчө орун ээлеп, кылымдарды карыткан, аруу ниетке жетелеп, илгери үмүт улаган бул майрам руханий мазмуну, терең философиялык мааниси менен баалуу.        

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жаз күнүндөй жаркыраган Нооруз майрамында сиздерге бакыт-таалай, бакыбат турмуш каалайбыз. Элибизде –ынтымак, жергебизде тынчтык, кут,  береке болсун!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы