2019-жылдын 19-мартында кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү

19 марта 2019

2019-жылдын 19-мартында Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка жана Төш-Булак, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.

Натыйжада:

- Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 14 добуш алган Ысакулов Залкар Максатбекович шайланды. Новопавловка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган;

-Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Мааткеримов Улан Абдылдабекович шайланды. Көл-Төр айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган;

-Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 18 добуш алган Мамишов Дагыбек Алимбекович шайланды. Кара-Гуз айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 18 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган;

- Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Баяке уулу Болоткан шайланды. Төш-Булак айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү