КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты
16 марта 2019
Бүгүн, 2019-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык ишембиликти колдоого алып, жетекчилик жана аппараттын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты. Ишембиликте КР БШКга жанаша жайгашкан аймакты жалбырактардан жана турмуш-тиричилик таштандыларынан тазалап, бак-дарактарды акташты.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү






