КР БШКнын төрагасына жана бөлүм башчыга “Кыргызтест” сертификат тапшырды

15 марта 2019

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2019-жылдын 14-мартында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №757 токтомунун негизинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоонун жыйынтыгына ылайык сертификаттарды тапшыруу аземин өткөрдү.

Расмий иш чарада тест боюнча мыкты жетишкендиктерин көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 60 кызматкерине сертификаттар тапшырылды. Аталган сертификатка Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтар коопсуздугу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Акимбаев Аскар ээ болду.

Сертификатты тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү