2019-жылдын 15-мартында партиялар үчүн "Саясий партиялар: ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтөт

14 марта 2019

Стратегияны жүзөгө ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун демилгеси менен ЕККУнун Программалык офисинин, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу алдында 2019-жылдын 15-мартында саясий партиялар үчүн  "Ишин укуктук камсыздоонун жана өнүгүү практикасынын эл аралык тажрыйбасы” деген темада семинар өтөт.

Иш-чаранын максаты – чет өлкөлөрдөгү партиялык мыйзамдар жана партиялык практиканын тажрыйбасы менен тааныштыруу, Кыргыз Республикасында саясий партиялардын ишин укуктук камсыздоонун негизги параметрлери боюнча пикир алмашуу, анын ичинде партиялык түзүм жана курулуш, шайлоого байланыштуу партиялык чечимдерди кабыл алуу тартиби, партияларды каржылоонун, үгүт жүргүзүүнүн айкындуулугу ж.б. маселелер бар.

Эл аралык практика тууралуу маалымат берүү үчүн семинарга ЕККУнун (БДИПЧтин) саясий партиялардын ишмердиги боюнча эксперттери чакырылган.

Семинарга Кыргызстандын саясий партияларынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, аталган Жумушчу топтун мүчөлөрү, жарандык коомдун, ЖМКнын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышат.

Семинар Бишкек шаарынын Орозбеков, 87 көчөсүндөгү Park Hotel Bishkek мейманканасында өтөт.

Өткөрүү убактысы: саат 9:30дөн 17:00гө чейин.

ЖМКнын өкүлдөрүн 0312665452, 0701702880 тел. боюнча катталуусун өтүнөбүз.

Программа семинара «Политические партии: международный опыт правового обеспечения деятельности и практики развития»

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү