Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу!
07 марта 2019
Урматтуу айымдар!
Сиздерди жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!
Сиздер мээримиңиздер менен жашоонун көркүн ачып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер, энелик сезимиңиздер менен келечек муунга тирек болуп бересиздер.
Аялзатына кыргыздар ар дайым аяр мамиле жасап, сый-урмат көргөзүп келген. Эл башкарган эрендердин акылына акыл кошуп, журт башкарган айымдар көп болгон.
Сиздердин кайраттуулугуӊуздар, жоопкерчиликтүүлүгүӊүздөр, активдүү жарандык позицияңыздар жана кайдыгер карабаганыңыздар - өлкөнүн алдыга тынымсыз өнүгүшүнүн, гүлдөп өсүшүнүн жана бардык кыргызстандыктардын бакубат турмушунун кепилдиги.
Коомубуздун ынтымагына жана биримдигине дагы сиздердин кошкон салымыңыздар абдан жогору. Биздин аялзат өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушуна, мамлекетти башкарууга мындан дагы активдүү катышыш керек.
Жергиликтүү кеңештерде аялдар көбүрөөк болсо, жергиликтүү жамааттын эң керектүү, эң орчундуу социалдык маселелери биринчи иретте чечиле баштайт.
Жогорку Кеңеште, аткаруу бийлигинде дагы аялдар өлкөбүзгө эң зарыл болгон мыйзамдарды жана чечимдерди конструктивдүү талкуу менен кабыл алууга өз салымын кошо алат деген ойдобуз.
Жакында туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңеш шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясын кабыл алып, анын иш-планына аялдардын коомдук–саясий процесстерге, шайлоого катышуусун активдештирүүгө багытталган бир нече милдеттер киргизилди. Анда жергиликтүү (айылдык) кеңештерге аялдар үчүн 30% квота белгилөө, ошондой эле аялдар арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралар каралган. Азыркы учурда, талапкер катары айылдык кенештердин шайлоосуна 7% гана аялдар катышып жатканы өкүнүчтүү.
Бул иштерди биз – Борбордук шайлоо комиссиясы, жергиликтүү органдар менен, аялдардын уюмдары менен жүргүзүүгө даярбыз.
Урматтуу асылзат айымдар!
Сиздерди майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

