КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
05 марта 2019
2019-жылдын 5-мартында КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Ысык-Ата, Кочкор, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылдык кеңешиндеги депутаты К.Термечиковдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер –С.Жилинага өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаардык кеңешиндеги “КСДП” депутаттык фракциясынан депутат Э.Шекеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Мамыркуловага өткөрүлүп берилди (“КСДП” депутаттык фракциясынан);
- Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги депутаты Т.Курткаевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Эсенгуловго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Мекеним-Кыргызстан” депутаттык фракциясынан депутат Д.Жээнбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Тыныбек уулу З. өткөрүлүп берилди (“Мекеним-Кыргызстан” депутаттык фракциясынан);
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги “ Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан депутат Ч.Мадиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т.Мырзаматовага өткөрүлүп берилди (“Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
