Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
05 марта 2019
2019-жылдын 5-мартында КРнын БШКсы 2019-жылдын 27-февралында Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Токтомушов Шаршенбек Сапарович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Талас аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
