Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынан эл аралык байкоочулар Молдованын Парламентинин депутаттарын …

Кыргыз Республикасынан эл аралык байкоочулар Молдованын Парламентинин депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда

24-Фев, 2019

Добуш берүү 24-февралда өтүүчү Молдованын Парламентинин депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынан эл аралык байкоочулар катышууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ч. Турсунбеков, М. Сабиров, Б. Турусбеков, ошондой эле, КР БШК менен ТИМ өкүлдөрү КМШнын жана КМШ Парламенттер арасындагы Ассамблеянын эл аралык байкоочулар курамына киришти.

Миссиянын программасында – Молдова Республикасынын Парламентинин спикери Адриан Канду менен, ал эми добуш берүү күнү Кишинев шаарынын округдук кеңештеринде жана шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү.

2019-жылы 24-февралда Молдова Республикасында өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органына (Парламентине) онунчу шайлоо өткөрүлөрүн эске салабыз.

Республиканын 18 жашка толгон 3,26 миллион жараны депутаттарды шайлоо укугуна ээ. Мында 2,84 миллион адам шайлоо округдарына бөлүштүрүлгөн. Бул санга Приднестровьенин добуш берүү укугуна ээ тургундары (230 миң адам), ошондой эле, туруктуу каттоосу жок, анын ичинде расмий түрдө эмиграциядагы жарандар (210 миң адам) кирбейт.

Молдовада жана анын чегинен тышкары жерлеринде 2143 шайлоо участогу иштесе, алардын ичинен 47си Приднестровье регионунун аймагында, ал эми 125и – чет өлкөлөрдө иштейт. Добуш берүү үчүн участоктордун көбү – 29у Италияда болот, Румынияда 12си ачылат, АКШда ошончо санда. Молдованын эң ири диаспорасы бар Россияда 11 шайлоо участогу – Москва менен Санкт-Петербургда – экиден, Красноярскиде, Нижневартовскиде, Сочиде, Курскиде, Тулада, Новосибирскиде жана Калининградда – бирден ачылат.

Молдовада парламенттик шайлоо партиялык тизме боюнча 50 депутатты, ал эми калган бир мандаттуу округдар боюнча 51 депутатты шайлоону караган жаңы аралаш тутумга ылайык өткөрүлөт.

Молдованын БШКсынын маалыматтары боюнча шайлоого 15 саясий партия катышат, бир мандаттуу округдар боюнча 319 талапкер катышууда, алардын ичинен 50дөн ашыгы – көз карандысыз, ал эми калгандары – тигил же бул партиянын өкүлдөрү. Эл өкүлдөрүнүн мандаттары үчүн бардыгы 1000ге жакын адам ат салышат.

Парламентке өтүү үчүн төмөнкүдөй шайлоо босоголору белгиленген: саясий партиялар үчүн – 6%, эки же андан ашык партиялардан турган саясий блоктор үчүн – 8%. Бир мандаттуу округда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде бир нече талапкер добуштардын тең санын алса, округдук шайлоо кеңеши чүчүкулак аркылуу жеңүүчүнү аныктайт.

Шайлоо менен бир эле күндө кеңеш берүүчү референдум өтөт, анда жарандар депутаттардын санын 101ден 61ге кыскартууга жана алардын мандатын кайра чакыртып алуу механизмдерин киргизүүгө байланыштуу маселелерге жооп берет. Эгерде референдум калктын көпчүлүк добушу менен жактырылса, анда кийинки шайлоодо депутаттардын саны кыскартылышы мүмкүн. Эгерде референдумга шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин үчтөн биринен кем эмеси катышса, ал болуп өттү деп таанылат. Парламенттик шайлоодо шайлоо болуп өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын келүүсүнүн босогосу жок.

Шайлоого жергиликтүү 2,4 миңден ашык жана КМШны кошкондо ар кыл уюмдардан 739 эл аралык байкоочу байкоо жургүзөт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

  

  

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>