2019-жылдын 19-февралында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

19 февраля 2019

2019-жылдын 19-февралында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.

Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 15 добуш алган Омаралиев Руслан Намазалиевич шайланды. Фрунзе айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү