КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
15 февраля 2019
2019-жылдын 15-февралында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламудун, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо, Сузак жана Түп АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат С.Борчубаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – С.Осмоналиевага өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылдык кеңешиндеги депутат А. Ибраимов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Нурдолотовго өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районундагы Үгүт айылдык кеңешиндеги депутат Б.Орозбаев.өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, шайлоо округ боюнча депутаттыка талапкер калбагандыгына байланыштуу кийинки шайлоого чейин мандат бош калат;
- Нарын облусунун Нарын районунун Орток айылдык кеңешиндеги депутат К.Мусуров депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С. Кокотаевге өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айылдык кеңешиндеги депутат М.Мурзакимов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ж.Сатаровго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешиндеги депутат М.Эгамбердиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Эргашевге өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылдык кеңешиндеги депутаты К.Сартов каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Абышевге өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
