Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
15 февраля 2019
Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 14-февралындагы № 37 буйругу менен Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Молдобеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 6-мартына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Талас АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
