КР БШК жетекчилиги Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алока Амитабх Димри мырза менен жолугушту

14 февраля 2019

2019-жылдын 14-февралында КР БШК жетекчилиги Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алока Амитабх Димри мырза менен жолугушту.

КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова Элчи мырзаны дайындалышы менен куттуктап, ага жооптуу ишмердикте ийгиликтерди каалады.

КР БШК башчысы Элчи мырзага иденттештирүүдөн өтүүнүн жол-жоболору, жаңы шайлоо модели боюнча шайлоочулардын тизмелерин түзүү, шайлоо мезгилинде чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо маселелери, Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеши тарабынан бекитилген шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы жана аны жүзөгө ашыруу планы жөнүндө кыскача маалымат берди.

Тараптар мазмундуу жолугушуу үчүн бири-бирине ыраазычылыгын билдирип, Индия менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгилешти.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү