Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 2019-жылдын 9-февралында мамлекеттик органдардын ортосунда футбол боюнча турнир болуп өттү

09 февраля 2019

Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 2019-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кубогу үчүн мамлекеттик органдардын ортосунда футбол боюнча турнир болуп өттү. Бардыгы 8 команда катышты: КР БШК, КР ЖК, Эсептөө палатасы, Акыйкатчынын аппараты, финансы, эмгек жана социалдык өнүктүрүү, билим берүү министрликтери, Мамлекеттик кадр кызматы.

Жарым финалга Жогорку Кеңештин, Эсептөө палатасынын, билим берүү жана финансы министрликтеринин командалары чыкты. КР Эсептөө палатасынын командасы фаворит болуп, кийинки турнирди өткөрүү боюнча эстафетаны кабыл алды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү