7-февралда КР Жогорку Соту Район аралык сотунун 1-февралдагы чечимин жокко чыгарып, жаңы - Ж. Коргонбай уулунун арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды

08 февраля 2019

7-февралда КР Жогорку Сотунун токтому менен Район аралык сотунун 1-февралдагы чечими жокко чыгарылып, жаңы - Ж. Коргонбай уулунун арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

КР Жогорку Соту башка мамлекеттин жарандыгы бар КР жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаты болууга укуксуз экенине байланыштуу кабыл алынган КР БШКнын токтомун жана “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Бишкек АШКнын чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты.

КР Жогорку Соту КР БШКнын мурда кабыл алынган токтому жана Бишкек АШКнын чечими Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын компетенциялуу органдарынын БШК депутаты Ж. Коргонбай уулунун Россия жарандыгы бар экени тууралуу расмий маалыматтарына негизденген деп эсептейт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү