КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
08 февраля 2019
2019-жылдын 8-февралында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган талапкерлердин тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Жети-Өгүз,Нарын, Жумгал, Кара-Буура, Кадамжай жана Ноокен АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Бишкек шаардык кенешинин бош калган мандаты “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер - К. Эргешовго өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылдык кеңешиндеги депутат М.Раматов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Имангожоевге өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылдык кеңешиндеги депутат А. Дуйшембиев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Жусуевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айылдык кеңешиндеги депутат Э.Примбаева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Абакировго өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айылдык кеңешиндеги депутат Талант уулу Б. депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Исаковго өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешиндеги депутат Р. Алымкулов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Алышбаевага өткөрүлүп берилди;
- Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылдык кеңешиндеги депутат Т.Айталиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Байыш уулу А. өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешиндеги депутат А.Гапаров депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Г.Кожоевага өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылдык кеңешиндеги депутат М.Токтоматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Имарбековго өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылдык кеңешиндеги депутат Т.Асанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т. Джоробаевге өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
