Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР БШК Төрагасынын орун басары А. Бекматов Ош шаарында 5 ЖОЖдун студенттери үчүн “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада лекция өткөрдү

07 февраля 2019

Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 7-февралда КР БШК Төрагасынын орун басары А. Бекматов Ош шаарында 5 ЖОЖдун укук жана тарых факультеттеринин студенттери үчүн “Жаштар жана шайлоо. Келечек үчүн жоопкерчилик” деген темада лекция өткөрдү. Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин колдоосу алдында  өттү. 

Презентацияда А. Бекматов 2017-жылдагы Президенттик шайлоого жаштардын катышуусу жөнүндө маалыматтарды келтирди. Ошондой эле, ал жаш шайлоочуларды шайлоо процессинин этаптары, шайлоонун натыйжаларынын аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоочу шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү технологияларын жана добуштарды автоматтык эсептөөнү колдонуу менен жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. “Шайлоо процессин башкаруу деңгээлинде коррупция үчүн негиздер четтетилди. Колдонуудагы модель мурдагы режимдердин тушунда орун алган “бюллетендерди жапырт салуу” жана “каруселдер” сыяктуу бурмалоолорду жоюу милдетин чечет”. Презентациянын жүрүшүндө студенттер БШКнын иши жана Кыргызстандагы шайлоо тутуму боюнча көп маселелерди талкуулашты. Маселен:

- чет өлкөдө жүргөн жарандардын шайлоо укугун жүзөгө ашыруу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?

- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдарды азайтуу үчүн эмне кылуу керек?

- жаштардын шайлоо маданиятын жакшыртуу үчүн кандай иш-чаралар өткөрүлөт?

Көпчүлүк студенттер КР БШКнын өкүлдөрү менен мындан ары дагы башка форматтарда жолугушуу жөнүндө каалоолорун билдиришти.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү